Наши объекты

Политех турак жайынын үлүшчүлөрүнө ачкычтарды тапшыруу

2023-жылдын 27-ноябрында Novotel мейманканасында болуп, O2 Development компаниясы үчүн маанилүү окуя – Политех турак – жайынын үлүшчүлөрүнө батирлердин ачкычтарын тапшыруу болуп өттү. Бул компаниянын белгиленген мөөнөттө аяктаган биринчи долбоору болду.

Курулуш мөөнөтү 2022-жылдан 2023-жылга чейин бир жылга созулду. Политех турак-жайы 13 кабаттан, 4 кире бериштен, 193 батирден турат. Бул Батыш өлкөлөрүнүн энергияны үнөмдөөчү чечимдерин жана прогрессивдүү архитектурасын бириктирген бизнес-класстагы үй. «Политех» турак жай имаратында жашоочулардын ынгайлуулугу үчүн бардыгы бар: барбекю аянты, электр унаалары үчүн заряддагычтар, балдар аянтчасы, энелер жана балдар үчүн бөлмө, машыгуучу аянтча.

O2 Development өзүнүн кардарларына ишеними жана тандоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык жана алкышын билдирет! Жаңы турак жай чыныгы чепке айланып, анын тургундарына жагымлуу сезимдерди, жайлуулукту жана жылуулукту гана тартуулоосун каалайбыз.