2023-жылдын 27-майында курулуш тармагында чоң тажрыйбасы бар жаш компания – O2 Development – Бишкек шаарында “Экокомплекс О2” жана “Гармония” жаңы эки экологиялык турак жай комплекстеринин бет ачарын өткөрдү. Новотелдеги кечеге чогулган көптөгөн конокторго келечектеги турак-жай комплекстеринин бардык артыкчылыктары жөнүндө атайын айтып беришти, оюн-зоок бөлүгүндө ырчылар Jax_02.14, Абир Касенов, Статус шоу балети өнөрлөрүн тартуулашты. Келген коноктордун арасында баалуу белектер ойнотулуп, – WorldClass фитнес-клубуна алты айлык эки жолдомо, Dyson стилдери жана iPhone 14 Pro Max сыяктуу баалуу сыйлыктар ойнотулду.